Гонконг жана Мюнхенде кыргыз тасмасы көргөзүлөт

10:23, 05 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Самара Сагынбаева режиссерлук кылган «Селкинчек» кыска метраждуу тасмасы Гонконг жана Мюнхенде өтүүчү эл аралык кинофестивалдарга катышат. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, тасма Гонконгдогу эл аралык кинофестивалынын «Азиянын жаңы күчү» проммасына тандалып алынган.

Фото

Фестиваль 26-февралдан 6 мартка чейин болуп өтөт. Ал эми Мюнхендеги (Германия) Bunter Hund фестивалы 5-8 март күндөрү өтөт.