Жекшенкулов Кыргызстандын Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды

11:39, 04 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Греция жана Черногориядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Россиянын Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу менен биргеликте аталган өлкөлөрдө Ыйгарым укуктуу элчиси болмокчу.