Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго 180 миллион евро гонорар берилери айтылды. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегор жана боксчу Флойд Мейвезер менен беттештерди өткөрүү сунушу менен Хабибдин агентине сауд арабиялык миллиардерлер кайрылган.
Алар эки кармаш тең Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында өтүшү керектигин айтышкан. Беттеш үчүн алар аталган сумманы төлөөгө даяр экенин билдирди.
Эске сала кетсек, Нурмагомедов 18-апрелде Нью-Йоркто UFC 249 турниринин алкагында Тони Фергюсон менен беттешет.

