10:11, 04 февраля 2020, Бишкек - 24.kg
Евробиримдигинде брекзиттен кийин Улуу Британиянын ордун Польша толукташы мүмүн. Бул тууралуу РИА маалымат агентиги аталган өлкөнүн тышкы иштер министири Яцек Чапутовичтин РАР агентигине берген маегине шилтеп жазып чыкты.
«Евробиримдиктин эли да, аскер күчү да жана дүйнөгө болгон үстөмдүгү да азаят. Бирок, бизде Польшанын Британиядан кийинки уюмдагы ролу ойлондурат», — дейт Яцек Чапутович
Эскерте кетсек, Британия 31-январда түн жарымында Евробиримдиктен бөлүнүп чыгып. 11 айлык өткөөл мезгили башталды.