15:44, 03 февраля 2020, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбеков кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясы Памирбек Ыманбековду кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш менен мамлекет башчысына кайрылган. Сооронбай Жээнбеков ага макулдук берди.
Эскерте кетсек. башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Памирбек Ыманбековго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында (опузалап пара алуу) каралган кылмыштардын белгилери менен жазык иши козголгондугун кабарлаган.