21:31
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Коронавирус. Пекин — Москва каттамы Кытайдан бош келди

Пекин — Москва каттамындагы поезд вирустун айынан чек араны жүргүнчүлөрсүз өттү. Бул тууралуу «РБК» маалымат агентиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, поездеги кызматкерлер атайын медициналык кызматтан өтүп жатышат. Жүргүнчүлөргө билеттин баасы толук кайтарылат. Буга чейин Россия Кытай менен темир жол байланыштарынын башка каттамдарын токтоткон. 

Россияда биринчи вирусту жуктурган алгачкы 2 адамга Тюмень жана Забайкалье аймагында катталды. 

Эскерте кетсек, Казакстандын жардамы менен 18 кыргызстандык алып келинген. Алар атайын борт менен Нур-Султан аркылуу Бишкеке келишкен. Учурда каза болгондордун саны 362 кишиге жетти. Вирустун айынан оругандар 17 миң 205 кишиге жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар