Жанар Акаев жетектеген партияга азыркы чакырылыштын депутаттары дагы кошулат

10:30, 03 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргыз либерал демократиялык партиясынын курамына Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары дагы кошулат. Бул тууралуу саясый уюмдун тең төрагасы Жанар Акаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, учурда ЖКнын 5-6 депутаты менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

2011-жылы каттоодон өткөн Кыргыз либерал демократиялык партиясынын үч жетекчиси бар. Алар — парламенттин депутаты Жанар Акаев, мурдакы экономика министри Элдар Абакиров жана саясат тануучу Сейтек Качкынбаев.

Партия жекшемби күнү бет ачарын өткөрдү.