16:20, 31 января 2020, Бишкек - 24.kg
АКШ бийлиги Мексика менен болгон чек аранын түштүк-батыш бөлүгүнөн эң узун тоннелди тапты. Бул тууралу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Тоннель Тихуана шаарынан тартып Американын Сан-Диего шаарына чейин созулган.
«Тоннель аркылуу аткезчилик жолу менен баңгизаты ташылып турган. Аны көптөгөн ири иликтөөлөрдөн соң табышкан. Бирок бир дагы камоого алынган учур катталган эмес», — деп айтылат маалыматта.
Тоннелдин узундугу — 1,3 чакырым, бийиктиги — 165 сантиметр жана туурасы — 70 сантиметрди түзөт. Ал желдеткич системасы, электр энергиясы жана лифт менен жабдылган.