Окурман «Ыр сабындагы өмүр» аттуу китеп каталары менен басылганына капа

15:12, 31 января 2020, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Жазуучу Кеңеш Жусуповго таандык улуу акын Алыкул Осмоновдун өмүрүнө арналган «Ыр сабындагы өмүр» аттуу китеби каталар менен басылган. Буга нааразы болгон соцтармактын колдонуучусу Алтынбек Исмаилов өз пикирин жазып чыкты. 

Фото

«Кайран Алыкул! Кайран китеп! Кокус Кеңеш агай көрсө, ичинен кан өтөт, менимче... Ушундай да шермендечилик болобу?! Студенттериме окутайын деген изги тилек менен сатып алгам негизи. Анан эле кудуңдап сүйүнүп үйгө келсем, карабаскыр каталар карекке сайылып жатпайбы! Каңырыгым түтөп, көзүм жашка толо түштү...», — деп жазган ал. 

Айтымында, сүрөттөгү каталар алгачкы титулдук барактагы гана «укмуштар». «А ичине киргенден корком, туугандар», — дейт Алтынбек Исмаилов.

Эске салсак, соцтармактын колдонуучулары китептердеги каталар тууралуу ачык жазып, сүрөттөрүн жарыялап келишет.