Бишкекте жол кырсыгынан аскер кызматкери көз жумду

14:26, 31 января 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жол кырсыгынан аскер кызматкери көз жумду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн болжол менен саат 7:30да катталды.

«12-кичи райондо Audi жана Lexus RX үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кесепетинен 2 киши жаракат алып, Куралуу күчтөрдүн аскер кызматкери каза тапты», — деп билдиришти башкармалыктан.