Өз убагында төлөм жүргүзбөгөн абоненттер 3-февралда жарыксыз калышы мүмкүн

09:46, 31 января 2020, Бишкек - 24.kg

Өз убагында төлөм жүргүзбөгөн абоненттердин электр жарыгы 3-февралда дистанттык түрдө өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, компания баардык абоненттерди жарык үчүн эсепти өз маалында төлөөгө чакырат.

«Төлөмдөрдү Бишкектеги Тоголок Молдо 70а дарегинде жайгашкан «Түндүк электр» ААКнын тейлөө борборунан жүргүзсө болот. Абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн борбор иш күндөрү түшкү тыныгуусуз саат 8ден кечки 5ке чейтн, ишемби күнү саат 8ден түшкү 12ге чейин иштейт», — деп айтылат маалыматта.