Ноокен районунда жашы жете элек кызды зордуктаганга шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-январда милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, саат 17:00дө белгисиз жаран анын кызын зордуктап салганын айткан.
«Кыз 9 жашта. Аялдын айтымында, кыз мектептен келе жатканда 20-25 жаштардагы белгисиз киши аны коркутуп, күч колдонуу менен зордуктаган», — деп билдиришти ОИИББдан.
Милиция шектүүнүн фотороботун түздү. Сүрөттөгү кишини таанып билгендер болсо, төмөндөгү номурларга байланышса болот: 03734102 же 0555003100. Анонимдүүлүккө кепилдик бар.