Чүйдө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткенге шектүү делген жаран кармалды

09:21, 30 января 2020, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткенге шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Адамды унаа менен койдуруп кетти деген маалымат милицияга 28-январда келип түшкөн. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иш-чарасынын жүрүшүндө Беловодское айылынын 28 жаштагы тургуну кармалды. Ал күнөөнү мойнуна алды.