17:59
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Равшан Жээнбеков № 1 тергөө абагынын камерасындагы талоончулукка арызданды

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып камакта отурган Равшан Жээнбеков № 1 тергөө абагынын камерасындагы талоончулукка арызданды. Арызды Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жактоочу Замир Жоошев жолдоду.

Равшан Жээнбековдун айтымында, ЖАМКтын кызматкерлеринен турган топ кечки уктоо жарыялангандан кийин № 307 камерага тинтүү жүргүзүшкөн.

«Алар өздөрүн абдан орой алып жүрүштү. Мен аларга өздөрүн тааныштыргыла десем, кайсыл бир подполковник орой жооп берди. Тинтүү 2 саатка жакын жүргүзүлдү. Сөгүп, тилдеген кыйноону көтөрө албай жана түн ичинде кызматкерлердин ары-бери басып жүргөнүнө чыдабаган бир соттолуучу эсин жоготуп жыгылып калды. Кесепетинен аны башы жерге тийди. Ага медициналык жардам көрсөткөнгө туура келди. Мындай көрүнүш камераларда чыңалууну жаратты. Дагы бир соттолуучунун кан басымы көтөрүлүп кетип, ага да жардам берилди», — деп жазылат арызда.

ЖАМКтан 24.kg агенттигине чынында эле тинтүү болгонун айтышты.

«Инструкцияга ылайык, кызматкерлер жабык мекемелерде пландык жана пландан сырткары издөө иш-чараларын жүргүзө алышат. Мунун баары видеого тартылат. Эгер камактагылардын ичинен кимдир бирөөлөрдүн укуктары бузулган болсо, улуттук борбор видео аркылуу аныктап чыкса болот», — дешти алар.

Мурунку депутат Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Буга чейин аны ИИМдин тергөөчүлөрү бир канча жолу суракка алышкан болчу.

 
Эң көп окулган жаңылыктар