16:30, 29 января 2020, Бишкек - 24.kg
ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-300» үлгүсүндөгү унаа аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1 миллион 648 миң 220 сом деп айтылууда.
Бул факт боюнча чогултулган материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.