11:42, 29 января 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкекте банктык эсебинен акча алган аялдын баштыгын күч колдонуп тартып алган деген шек менен бир жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2019-жылдын декабрында милицияга Т.А. аттуу жаран кайрылып, белгисиз бирөө Тунгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн кире беришинен күч колдонуп баштыгын тартып алганын айткан. Айтымында, баштыкта 2 даана «Самсунг» үлгүсүндөгү телефон, капчык (ичинде 15 миң сом бар болчу) жана ID-паспорту болгон.
Кылмышка шектүү качып кеткен. Ал эми келтирилген жалпы чыгым 30 миң сомго бааланды.
Уурулукка шектелип 2000-жылы туулган жаран кармалды.