06:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ай сайын 25 категориядагы жарандарга акчалай компенсация төлөнүп берилет

Өлкөдө жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар ай сайын 25 категориядагы жарандарга төлөнүп берилет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, акчалай компенсациялардын өлчөмү миң сомдон 7 миң сомго чейин.

«2020-жылдын 1-январына карата жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды алуучулардын саны 42 миң адамды түздү. Республикалык бюджеттин эсебинен жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды төлөөгө жалпы суммасы 102 миллион сомдон ашуун акча каражаты каржыланган.

Алуучулардын категориясынын тизмеси:

  1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
  2. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;
  3. Советтер Союзунун Баатырлары, Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Даңк орденинин бардык үч даражасы менен сыйланган адамдар;
  4. Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары;
  5. «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы жана «Блокададагы Ленинграддын жашоочусуна» белгиси менен сыйланган адамдар;
  6. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы бар адамдар;
  7. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирбеген адамдар;
  8. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган жарандар;
  9. Саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча репрессиянын кесепетинен жабыркап, реабилитацияланган жарандар;
  10. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү;
  11. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери ;
  12. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери ;
  13. «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы жана «Блокададагы Ленинграддын жашоочусуна» белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп табылган, кайрадан никеге турбаган жесирлери;
  14. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштарда жаракат алган майып аскер кызматчылар;
  15. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары;
  16. СССРди коргоодо же башка мезгилде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткаруудан алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган мурдагы аскер кызматчылары;
  17. Аскердик кызматтын милдетин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү;
  18. Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар;
  19. 1986-1987-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар;
  20. 1988-1989-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар;
  21. Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюуга 1986-1987-жылдардагы катышуучулардын арасынан каза болгондордун жана майып болуп каза болгондордун үй-бүлөлөрү;
  22. Чернобыль апаатынын кесепетинен радиацияга дуушарланган ата-энелерде генетикалык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен улам тукум кубалаган оорусу жана аномалиясы бар биринчи жана кийинки эки муундагы балдар;
  23. Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жараттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү;
  24. «Кыргыз Республикасынын ардактуу донору» төш белгиси менен сыйланган адамдар;
  25. Көрүү боюнча (биринчи жана экинчи тобундагы) жана угуу боюнча бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (тубаса дүлөй, дүлөй-дудук) адамдар.
Эң көп окулган жаңылыктар