Ноокатта өрт кырсыгы 1 кишинин өмүрүн алды

10:06, 29 января 2020, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Барын айылында үй өрттөнүп, 1 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык айылдын Бабур көчөсүндө болгон.

Маалыматка караганда, үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Кесепетинен 1976-жылы туулган эркек киши каза болду.

Учурда өрттүн себеби такталууда.