Чүйдө жөө жүргүнчүнү белгисиз унаа коюп кетти

09:59, 29 января 2020, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылында жөө жүргүнчүнү белгисиз унаа коюп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык кечээ саат 21:40 чамасында болгон.

«Чалдыбар-Бишкек жолунда белгисиз унаа Александровка айылынын 1988-жылы туулган тургунун сүзүп кеткен. Кесепетинен жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болду. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Милиция айдоочуну изи сууй электе Беловодск айылындагы үйүнөн тапты. Ал 1991-жылы туулган жаран болуп чыкты. Кырсык болгон маалда айдоочу мас абалда болгон.