09:21, 29 января 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкекте каракчылык менен кол салууга шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына бир аял арыз менен кайрылган. Анда ал 22-январда белгисиз бирөөлөр Панфилов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирине кирип, күч колдонуу жолу менен 32 миң сомдук 3 телефонун жана 4 миң сомун тартып алышканын айткан.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү катары 23 жаштагы Ж.Ж., 20 жаштагы Т.Н., жана 22 жаштагы С.К. кармалды. Алардын дагы бир өнөктөшү изделүүдө.