Мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 563 миң 6 адамды түздү

17:05, 28 января 2020, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 563 миң 6 адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, «Үй-бүлөгө көмөк» — 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны — 308,7 миң адамды түздү. Ал эми «Социалдык жөлөкпул» — пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар — 93,1 миң адамга жетти.

Бала төрөлгөндө бир жолку берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөкпулун 161,8 миң адам алды.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 753 миллион сомдон ашуун акча каражаты каржыланган.