Чүйдө уурулукка шектелип 59 жаштагы киши колго түштү

16:01, 28 января 2020, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда уурулукка шектелип 59 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр декабрда милицияга Токмок шаарынын тургуну кайрылып, коомдук унаалардын биринен белгисиз киши анын чөнтөк телефонун уурдап кеткенин айткан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Аталган окуяга шектүү катары мурда соттолуп чыккан 59 жаштагы Д.Ж. кармалды.