Өлкөдөгү абактарда 9 миң 600 жаран жаза өтөп жатат

14:51, 28 января 2020, Бишкек - 24.kg

Өлкөдөгү абактарда 9 миң 600 жаран жаза өтөп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында ЖАМКтын Өкүм аткаруу жана атайын эсеп башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Термичеков билдирди.

Айтымында, түзөтүү мекемелеринде 5 миң 300 киши, тергөө изоляторунда 1миң 700 киши, жатак абакта 2 миң 500 киши жазаларын өтөп жатат.

«340 киши өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми экстремизм боюнча төрт жүздөн ашуун киши жаза өтөөдө. Алардын ичинен 6оо аял», — деди башкармалыктын жетекчиси.