Актан Арым Кубаттын «Эсимде» аттуу жаңы тасмасына кастинг жарыяланды

11:12, 28 января 2020, Бишкек - 24.kg

Режиссер Актан Арым Кубаттын «Эсимде» аттуу жаңы тасмасына кастинг жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ролго 2 аял (кыргыз), 3 эркек киши (кыргыз, татар же орус) жана 5-7 жаштардагы кыз (кыргыз) талап кылынат.

Талап боюнча кастингдин катышуучулары кыргыз тилин мыкты билиши керек.

Тасма жаатында тажрыйбалуу болуу милдеттүү эмес.

Сүрөттөрдү жана байланыш маалыматтарды Kadam22@mail.ru же WhatsАpp/Telegram 0553594868 номуруна жөнөтсө болот.