11:02, 28 января 2020, Бишкек - 24.kg
Бүгүн күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү ыктымал.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.