Таш-Коргон айылында мечит өрттөндү

10:44, 28 января 2020, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Алай районунун Таш-Коргон айылында мечит өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Береке көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен аянты 180 чарчы метр мечит толугу менен күйүп кетти.

Учурда өрттүн себеби такталууда.