Бишкекте эл ташыган маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүшүп, 2 киши жабыркады

10:21, 28 января 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте эл ташыган маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүшүп, эки киши жабыркады. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык бүгүн саат 06:15тер чамасында Жукеев-Пудовкин көчөсүндө катталды.

«Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа менен «Мерседес-Вито» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кесепетинен маршруттук таксидеги эки жүргүнчү жабыркады. Алар ооруканага жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.