21:57
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кызын зордуктаганга айыпталып жаткан жаран 19 жылга эркинен ажыратылды

Чүй облусуна караштуу Москва райондук соту кызын зордуктаганга айыпталып жаткан жаранды 19 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустук прокуратуранын өкүлү Нурлан Тагаев билдирди.

Анын айтымында, 37 жаштагы жаран 2 жыл бою өз кызын зордуктап жүргөн.

«Кыз кордук көргөн маалда 12 жашта болчу Анын энеси окуя тууралуу билгенден кийин милицияга кайрылган. Экспертиза кыздык белги жок экенин тастыктады. Ал эми айыпкер күнөөнү мойнуна алган жок. Сот аны 19 жылга эркинен ажыратты, бирок прокуратура аны өмүр бою эркинен ажыратылышына аракет көрөт», — деди Нурлан Тагаев.

Эң көп окулган жаңылыктар