14:08, 27 января 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2019-жылдын июнунда шектүү Бишкектин тургунун алдап 50 миң сомун алып кеткен. 28 жаштагы К.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.