Чүйдө 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

09:24, 27 января 2020, Бишкек - 24.kg

Чүй обласында жер титиреди.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун саат 15.16 чамасында Чүй облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Ата районунун Карагай-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 балл, Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.