Министрлик кыргызстандыктардан коронавирустан улам дүрбөлөңгө түшпөөнү суранат

11:44, 24 января 2020, Бишкек - 24.kg

Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктардан Кытайдагы коронавирустан улам дүрбөлөңгө түшпөөнү суранат. Бул тууралуу маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. 

Ал 2019-жылдын декабрынын акырында Кытайда коронавирус боюнча жагдай татаалдашып кеткенин эскертти.

«Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөттү. Чек арадагы өткөрүү пункттарында санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Вирустун белгилерин эрте аныктай турган жабдыктар коюлду, чек арадан өткөн жарандар сурамжылоодон өтүүдө», — деди Айнура Акматова.

Кытайдын Гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Ли Бин 22-январда соңку маалыматтарды айтып, каза болгондордун саны тогуз, ооруну жугузуп алгандар 440 киши экенин расмий билдирди.