ӨКМ: Тоолуу райондордо кар жаайт

09:46, 24 января 2020, Бишкек - 24.kg

Бүгүн күндүз Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, дыйканчылык аймактарда жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.