09:39, 24 января 2020, Бишкек - 24.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Анда Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат.
«Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган «Кыргызстандын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө», 2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө», 2019-жылдын 30-январындагы «Кыргызстандын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы каралат. Мындан тышкары, стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар каралат. Талкуунун жыйынтыктары боюнча Коопсуздук кеңешинин чечими кабыл алынат», — деп айтылат билдирүүдө.