15:41
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына кабылып, 5 киши набыт болду

Орусиянын Челябинск облусунда кыргызстандык номурлуу унаа жол кырсыгына кабылып, ичиндеги баардык жүргүнчүлөр набыт болду. Бул тууралуу орусиялык ЖМК жазды.

Маалыматка караганда, кырсык күн мурун Челябинск — Троицк жолунда болгон. Анда КамАЗ менен Honda Odissey унаалары кагышкан.

Бир версияга ылайык, кырсыкка аба-ырайынын катаал шарты себеп болгон.

КамАЗды 33 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан, ал жабыркаган эмес. Ал эми каза болгон 5 эркек киши Кыргызстандын жарандары деп айтылууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалыматты тастыкташты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума