Баткенде аскер кызматкери октон жарадар болду

10:19, 23 января 2020, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Бужум айылында аскер кызматкери октон жарадар болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы штабдан билдиришти.

Окуя мурунку түнкү ок атышуу практикасын өтөп жатканда болгон.

«Ефрейтор А.М оң билегин тешип өткөн октон жарадар болду. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды, анын абалы канааттандыраарлык», — деп билдиришти Башкы штабдан.