Өкмөттө ротация. Өзгөчө кырдаалдар министри Мирзахмедов Жалал-Абадка которулду

09:33, 23 января 2020, Бишкек - 24.kg

Бүгүн эле кызматынан бошотулган Нурболот Мирзахмедов өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев кечээ өз арызынын негизинде отставкага кеткен. Ал 2016-жылдан бери аймакты жетектеп келген.

Нурболот Мирзахмедов 1978-жылы Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында туулган. Бир нече жыл Сузак районун жетектеген. 2018-жылы өзгөчө кырдаал министри болуп дайындалган.