16:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сузак районунда 34 жаштагы аял 2 баласы менен иске ууланып каза болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 34 жаштагы аял 2 баласы менен иске ууланып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон аял мектепте пол жуугуч болуп иштеп жүргөн. 19-январга караган түнү ал 5 жана 7 жаштагы балдары менен мештен чыккан иске ууланышкан. Алардын сөөктөрүн бир күндөн кийин кошуналары табышты.

Алдын ала билдирүүгө ылайык, каза болгон аялдын жолдошу Орусияда иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар