Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда болгон жол кырсыгы 3 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн таңкы саат 6да болгон. Honda Accord үлгүсүндөгү унаа менен жүргүнчү ташуучу маршрутка сүзүшкөн.
Кырсыктан 3 киши каза болуп, дагы 7 киши Сокулук райондук аймактык ооруканасына жеткирилди.