Эртең тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багытын өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.
22-январда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 22-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
23-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
24-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
25-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
26-27-январь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 26-январда жана 27-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 27-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.