2019-жылы бажы мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузуулардын 1 миң 893 фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бузуулардын бирдиктүү реестрине — 1 миң 668 факты катталган. Бул 2018-жылга салыштырганда 158 фактыга көбүрөөк.
«9 миллион сом суммада айыптык санкциялар жана товарлардын наркы өндүрүлгөн. 178 миллион 100 миң сом суммада бажы төлөмдөрү төлөндү», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Кылмыштар жана бузуулар бирдиктүү реестрине 225 факты катталган, бул 2018-жылга салыштырганда 76 фактыга көп.