Президент кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

10:25, 20 января 2020, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн сыйлоо жөнүндө Жарлыкка жаңы жылдын алдында — 2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган.

Ага ылайык мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, курулуш тармактарынын өкүлдөрү жана башкалар татыды.