15:03
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кең-Булуң айылындагы жол кырсыгында 2 киши каза болуп, 7 киши жаракат алды

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан 2 киши каза болуп, 7 киши жаракат алды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя кечээ Кең-Булуң айылында саат 21:30да болгон.

«Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып, Toyota Avensis унаасы менен кагышкан. Кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болду. Дагы 7 киши ооруканага жеткирилди», — деп билдиришти башкармалыктан.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби