04:01
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, кесепетинен 3 киши жаракат алды

Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, кесепетинен 3 киши жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27 жаштагы айдоочу «Лексус 470» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, каршы тилкедеги «Тойота-Ландкрузер» унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен «Лексус 470» унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага кайрылышты.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар