16:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тематикалык телесериалдарды тартуу үчүн 30 миллион сом бөлүндү

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тематикалык телесериалдарды тартуу үчүн 30 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Дарак ыры» мюзиклинин авторлору менен жолугушууда маалым болду.

«Мен көптөгөн ата мекендик тасмаларды көрүп жүрөм. «Дарак ыры» мюзикли эл тарабынан кабыл алынып, татыктуу баа берилди. Актерлордун оюну, ырларды тандоо, декорация. Баары көрүүчүлөрдү тамшандырат. Тасма маанилүү, калктын кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү, жеңил берилген. Эң башкысы — мюзиклде адеп-ахлактык жана тарбиялык багыт бар. Бүгүнкү замандын чындыгында бул келечек ээлери үчүн маанилүү аспект», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, кино жайылтуу ыкмасы катары өтө жогорку эмоционалдык таасир бере алат.

«Келечек муунду руханий өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен мамлекеттик буйрутманын алкагында ата мекендик сериалдарды тартуу үчүн финансы каражаттарын бөлүү чечими кабыл алынды. Азыркы тапта жаш муунга таасир берген терс көрүнүштөр көп. Жаштарды тасмалар аркылуу да адамдык баалуулуктарды сиңирип тарбиялоого болот. «Кыргыз керемети» деп аталып келген кино аркылуу өсүп келе жаткан муунга биз үчүн сактап калуу баалуу жана маанилүү болгон нерселер тууралуу айткыбыз келет», — деп белгиледи премьер-министр.

Киносериалдар үчүн мыкты сценарийлерди тандоо боюнча сынак 2020-жылдын январь айынын аягына чейин жарыяланат. Тасмадагы эң башкы үч тема — адам, үй-бүлө, мекен болуш керек. Негизги принциптер сакталган болсо, жанрлар жана сюжеттер боюнча эч кандай чектөөлөр болбойт.

Эң көп окулган жаңылыктар