03:01
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кой-Таш окуясы. Фарид Ниязов кайсыл беренелер боюнча айыпталып жатат

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчисинин кызыкчылыгын коргогон жактоочулар Фарид Ниязовдун кайсыл беренелер боюнча айыпталып жатканын 24.kg агенттигине айтып беришти.

Юристтердин айтымында, Фарид Ниязовго Кылмыш кодексинин 7 беренеси боюнча айып тагылууда. Кеп бийликти күч менен басып алууну уюштуруу, барымтага алуу, массалык башаламандыкты уюштуруу, кайсыл бир жактар менен сүйлөшүп алып куралдарды тартып алуу, тергөө органдарына карата зомбулук колдонуу, тергөөгө тоскоолдук кылуу, бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук колдонуу тууралуу болууда.

Алдын ала маалыматка ылайык, иш боюнча 12 киши айыпталуучу макамына ээ. Иш менен таанышып бүткөн соң Башкы прокуратурага жолдонуп, андан ары сотко өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар