10:41, 17 января 2020, Бишкек - 24.kg
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Катта-Терек айылында кездемелерди кайра иштеткен цехте өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен цехтин 200 чарчы метр шыбы, 14 даана пластик терезе, 2 даана пластик эшик, 6 даана станок, 6 тонна кездеме калдыктары күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда.