07:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүй облусунун 2 тургуну мал уурдоого шектелип кармалды

Чүй облусунун 2 тургуну мал уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата РИИБге 59 жаштагы Д.Э. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын декабрында белгисиз адамдар анын 70 миң сомго бааланган бодо малын уурдап кетишкенин айткан.

Аталган кылмышка шектүү делип 24 жаштагы Б.И. жана 27 жаштагы О.З. кармалды. Учурда шектүүлөрдүн Ысык-Ата районунда жана Чүй облусунда ушуга окшогон башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экенин аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар