20:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жаш кызды зордуктап өлтүргөнгө айыпталып жаткан жаран 15 жылга кесилди

14 жаштагы кызды зордуктаганга жана өлтүргөнгө айыпталып жаткан жаранды 15 жылга эркинен ажыратышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй облустук прокуратурасынын өкүлү Нурлан Тагаев билдирди. 

Анын айтымында, мындай чечимди Кемин райондук соту кабыл алды. Райондун прокуратурасы облустук сотко аппеляциялык арыз даярдап жатат. 

«Көзөмөл органы мындай чечимге макул эмес. Айыпталуучуга коюлган берене боюнча, ал өмур бою эркинен ажыратылышы керек. К.А. өспүрүм кызды мыкаачылык менен өлтүргөн, мындан улам өкүм дагы катаал болушу керек деп эсептейбиз", - деди ал. 

Эске салсак, кызды өлтүрүүгө шектүү катары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган 20 жаштагы бала кармалып, камакка алынган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 20-сентябрь күнү кечинде мас абалында баратып, Кеминдин көчөлөрүнүн биринен кызды көргөн. Аны күч менен алып барып, зордуктоого аракет кылган. Кыз каршылык көрсөткөндө бир нече сокку урган. Кыз алган жаракатынан каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар