Издөөдө жүргөн кыргызстандык Москванын тергөө абагынан табылды

17:31, 16 января 2020, Бишкек - 24.kg

Издөөдө жүргөн кыргызстандык Москванын тергөө абагынан табылды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда, 20 жаштагы А.С. кылмыш кылгандыгы үчүн абакка киргизилген.

«2019-жылдын декабрында Орусиядагы Кыргызстандын ИИМ өкүлчүлүгүнө кыргызстандык Н.А. аттуу жаран кайрылып, дайынсыз жоголгон кызын таап берүүгө жардам сураган. Арыз ээси дайынсыз жоголгон кызы акыркы жолу 2019-жылдын декабрдын ортолорунан кийин байланышка чыкпаганын айткан. Текшерүүнүн жүрүшүндө, изделип жаткан кыз уурулук кылгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.