Ноокат районунда мал уурдаган топ кармалды. 30 баш жылкы, 56 баш бодо уурдалган

15:27, 16 января 2020, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда мал уурдагандардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, алар райондун аймагынан 30 баш жылкы, 56 баш бодо мал уурдаган деп шектелишүүдө.

«Шектүүлөр жылкыларды жайыттан мылтык менен атып, союп, терисин сыйрып, анан этин алып кетип жүрүшкөн. Ал эми ири мүйүздүү малды түн ичинде жайыттан айдап келип, унаага жүктөп касапканадан союп, сатышчу. Кылмышка шектүү делип 4 жаран кармалды. Алардын үйлөрүн тинтүү маалында 3 даана эт чапкыч жана мал байлаган жиптер табылды», — деп билдиришти ОИИББдан.

Учурда уурдалган 30 баш жылкынын ичинен 5 баш жылкынын ээлери табылды.